Бишкекте тепловоз бир адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 18-август күнү саат 22:40 чамасында "Бишкек 1" жана "Бишкек 2" станцияларынын ортосунда болгон. Анда тепловоз 26 жаштагы (эркек адам) Ак-Бата жаңы конушунун тургунун сүзүп алган.
"Окуя болгон жерге "Тез жардам" келип, жабыркаган адам ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, ал мас абалда рельске отуруп алган. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти ИИМден.