Тоң районундагы жол кырсыгынан бир адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн түнү Балыкчы-Каракол унаа жолунун 19-чакырымында болгон. Анда Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаа менен BMW үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен бир адам жеңил жаракат алып, "Тез жардам" аркылуу Тоң райондук ооруканасына жеткирилген.