Бишкекте Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн кетүүгө камынып жатышкан эки жаран кармалды

Бишкекте Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн кетүүгө камынып жатышкан эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-август күнү атайын жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Бишкекте 1966-жылы туулган Г.А. (сүрөттөгү) жана 1971-жылы туулган С.С. кармалган.

"Алар КМШга кирген өлкөлөрдүн биринин жарандары. Террористтик иштерге катыштыгы бар делип, издөөдө жүрүшкөн. Кыргыз жерине жогору тараптан берилген көрсөтмөлөрдү күтүү үчүн келишкен. Анын негизинде Сирияга кетишмек. Алардын жанынан КМШ өлкөлөрүнө таандык жасалма паспорттор табылган. 18-август күнү жоопкерчиликке тартуу үчүн партнёрлордун компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aerforce
2017-08-22 11:14:45
Мээси жок эшектер барса жыргап калчудай болушуп бейиштен тозокко барышат Кыргызстан бейиштин төрү мөмө жемиштин баары таза суу таза аба жомоктогудай кооз жер элибиз тынч согуштан кудайым өзү сактасын ушундай жерден кетип башка өлкөдө кул болуп согушуп өлсөн сөөгүн келбей калган жакка эмнеге барышат мэйли башка улут экен дейсин Кыргыздын атын жамандап жатпайбы башка улут болсода Кыргызстанда тынч жашаса болушатко
+1
Rifle_I
2017-08-22 12:03:12
Келесоолор азаят да
+2
KIPCHAK-KALMAK
2017-08-22 11:37:13
Баргыла согуш бутуп атат ал жакта Иг тин ыры бутту десе деле болот
+1
Rifle_I
2017-08-22 12:02:46
Сирияга барам дегендер, биринчи контр страйк оюнун ойноп көрсүнчү. Кыйратып калса анда страйкбол ойносун. Ошондо билет бир аз болсо да согуш кандай экенин.
Сирияда Россия тынымсыз опыт кылып жатышат ар кандай куралдарын.
0
Shekeev969798
2017-08-22 12:08:40
озбек экен дагы
0
ACAH-AKA.
2017-08-22 13:19:47
жонотуп салбаптыр эки ХХХХ жер жузу кутулмак
+1
Nibiru.
2017-08-24 11:37:30
Баргысы келгендер бара берсин жон коюш керек. Бирок ошол жактан кайра келбей эле биротоло жоголушса жакшы болот эле. Ушуга окшогондордун тируу жургонунон бир тыйынчалык да пайда жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан