Бүгүн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбандар 4 салмак ченинде медалдар үчүн күч сынашат

Бүгүн, 22-августта Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнөн 4 балбан күч сынашат. Бул тууралуу Бириккен дүйнөлүк күрөштүн маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдештин экинчи күнү грек-рим стилиндеги күрөш боюнча 4 салмак ченинде медалдар ойнотулат. Анда Кыргыздан Мурат Рамонов, Самат Шырдаков, Жанат Кыйлыбаев жана Каныбек Жолчубеков килем үстүнө чыгышат. Каныбек Жолчубеков жарым чейрек финалдан күрөшүп баштаса, калгандары 1/16 финалдан баштайт.

Кыргыз балбандардын атаандаштары төмөндө:

59 килограммга чейинки салмак ченинде (1/8 финал):

Каныбек Жолчубеков - Стиг-Андре Берге (Норвегия).

66 килограммга чейинки салмак ченинде (1/16 финал):

Жанат Кыйлыбаев - Денис Демьянков (Украина).

80 килограммга чейинки салмак ченинде (1/16 финал):

Самат Шырдаков - Дмитро Пышков (Украина).

130 килограммга чейинки салмак ченинде (1/16 финал):

Мурат Рамонов - Шахаб Гуреджили (Иран).

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан