Кочкор районундагы жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 3 адам жабыркады

Кочкор районундагы жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 18-август күнү түшкө маал болгон.

"1969-жылы туулган Ж.Н. аттуу айдоочу Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкекке келе жатып, жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын келип чыгуусуна Кочкор районунун тургуну 1967-жылы туулган А.Гнын жолго чыга калганы себеп болгон. Андан качууга аракет кылган айдоочу унаасы менен бакты сүзүп токтогон. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги эки жүргүнчү ооруканадан каза болуп, 3 адам жабыркаган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан