Бүгүн, 22-августта Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны Самат Шырдаков атаандашын жеңип, жарым чейрек финалга өттү.
Аталган мелдештин 80 килограммга чейинки салмак чениндеги грек-рим күрөшү боюнча 1/16 финалында Кыргыз балбаны Самат Шырдаков украиналык Дмитро Пышковке туш келген. Күрөштүн биринчи бөлүгүндө эки балбан тең 1 упайдан алып тыныгууга кеткен. Беттештин 2-бөлүгүндө украиналык спортчу 2 упай алса, Самат Шырдаков 3 упай алып, 4:3 эсеби менен жарым чейрек финалга өттү.
Бүгүн дагы 3 Кыргыз спортчусу килем үстүнө чыгат. Алар Мурат Рамонов, Жанат Кыйлыбаев жана Каныбек Жолчубеков. Жолчубеков жарым чейрек финалдан күрөшүп баштаса, калгандары 1/16 финалдан баштайт.
Эске салсак, мелдештин алгачкы күнү Кыргыз балбандар медалга илинбей калышкан. Алар Кайратбек Түгөлбаев, Нургазы Асангулов, Азат Бейшебеков жана Үзүр Жусупбеков.