Кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына өттү

Бүгүн, 22-августта Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков норвегиялык спортчуну жеңип чейрек финалга өттү.

59 килограммга чейинки салмак ченинде Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшүнүн чейрек финалында норвегиялык Стиг-Андре Бергени жеңип алды. Беттештин биринчи бөлүгүндө Каныбек Жолчубеков 3 упайга ээ болуп, эки спортчу тыныгууга кетишкен. 2-бөлүктө норвегиялык спортчу өзүнүн пайдасына 1 упай тапканы менен эсепти теңей алган жок. Жыйынтыгында Кыргыз балбан 3:1 эсеби менен жеңишке жетип, мелдештин чейрек финалына өттү.

Кыргыз балбаны Мурат Рамонов 130 килограммга чейинки салмак чениндеги грек-рим күрөшү боюнча 1/16 финалында ирандык Шахаб Гуреджилиге туш келген. Беттештин учурунда ирандык балбан 2 жолу Мурат Рамоновду сызыктан сыртка түртүп чыгып 2 упайга ээ болгон. Күрөштүн жыйынтыгында 2:1 эсеби менен ирандык спортчу жеңишке жетти.

66 килограмм салмак ченинде Жанат Кыйлыбаев украиналык Денис Демьянковго туш келген. Күрөштүн 1-бөлүгүндө эки спортчу тең 1 упайга ээ болушкан. 2-бөлүктө Кыйлыбаев аракеттенгени менен упайга ээ боло алган жок, ал эми украиналык спортчу 1 упайга ээ болуп мелдештин жарым чейрек финалына өтүп кетти.

Эскерте кетсек, буга чейин Самат Шырдаков украиналык Дмитро Пышковду жеңип жарым чейрек финалга өткөн.

Мелдештин алгачкы күнү Кыргыз балбандар медалга илинбей калышкан. Алар Кайратбек Түгөлбаев, Нургазы Асангулов, Азат Бейшебеков жана Үзүр Жусупбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zamirbekorozalimovkg
2017-08-22 20:14:34
Жолчубеков алга азматсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан