ЖЫЛНААМА, 22-АВГУСТ: Ырчы Айя Садырова 35 жашын досторунун курчоосунда белгилейт

Ырчы Айя Садырова бүгүн, 22-августта 35 жашка толду. Өзүнүн курагынан бир топ жаш көрүнгөн ажарлуу ырчы айымды өздүк майрамы менен куттуктап чалсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, учурда туулган күнүн тосууга даярдык көрүп жатканын айтты.

"Мен 35 жыл мурун ушул күнү түндө саат 00:45те төрөлүптүрмүн. Бүгүн апам биринчи болуп ушул саатта куттуктады. Гүл, атыр белекке алдым, өздүк майрамымды кечинде досторумдун курчоосунда белгилейм", - деди ал.

Белгилей кетсек, Айя Садырова 1982-жылы 22-августта Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Кичинекей кезинде Казакстандын Жамбыл шаарындагы музыкалык мектепте окуп скрипка, домбра, гитара сыяктуу музыкалык аспаптарды үйрөнгөн. 6-классында алгачкы ырын жазып, гитара менен ырдап чыккан. 2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин эл аралык байланыш факультетине тапшырган. Шоу-бизнес дүйнөсүнө 2000-жылы "Малыш" аттуу ыры менен аралаша баштаган. Ал актриса катары "Байланыш" аттуу кыргыз тасмасында башкы ролду ойногон. 2006-жылы ырчынын "Сүйүү жалыны" деген аталыштагы романы жарык көргөн.

22-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан