Ош шаарында айдоочу унаасы менен жолго отуруп алган адамды сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 21-август күнү саат 03:20 чамасында Курманжан датка көчөсүндө болгон. Анда 1994-жылы туулган И.С. аттуу айдоочу Тойота Королла үлгүсүндөгү унаасы менен жолдун ортосуна отуруп алган 1994-жылы туулган К.К. аттуу кызды сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Күбөлөрдүн айтымында, каза болгон кыз мас абалда болгон.