Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков коло медаль үчүн күрөшүп орусиялык балбанга жеңилип калды.
59 килограммга чейинки салмак ченинде Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшүнүн 3-орунга болгон беттеште орусиялык Степан Марянянга жеңилип калды. Беттештин башында Жолчубеков 1 упайга ээ болуп атаандашына татыктуу каршылык көргөзүп жаткан. Бирок Кыргыз балбаны көтөрүп чабууга аракет кылып атаандашынын алдында калып калды, жыйынтыгында орусиялык балбан Каныбек Жолчубековду айлантып 6 упайга ээ болгон. Беттештин 2-бөлүгүндө Жолчубеков кайрадан чабуу аракетин жасап атаандашына 4 упай берип койгонго үлгүрдү. Бул жыйынтык менен Кыргыз балбаны 10:2 эсеби менен жеңилип, мелдеште 5-орунду ээледи.
Маалымдай кетсек, буга чейин Каныбек Жолчубеков жарым финалда япониялык Кеничиро Фуматага 2:1 эсеби менен жеңилип калган. Чейрек финалдык беттеште 3:2 эсеби менен азербайжандык Талех Маммадовду жеңген.
Эске салсак, күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2-күнү Кыргыз балбандар 4 салмак ченинде катышкан. Анда Самат Шырдаков жарым чейрек финалында австриялык Михаел Вагнерге жеңилип калган, Мурат Рамонов ирандык Шахаб Гуреджилиден жеңип калса, 66 килограмм салмак ченинде Жанат Кыйлыбаев украиналык Денис Демьянковго жеңилип калган.