Ошто муниципалдык унааны уурдап, айдап качкан жаран кармалды

Ошто муниципалдык унааны уурдап, айдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 21-август түнү Ош шаарынын Мамыров көчөсүндө болгон. Анда белгисиз адам муниципалдык ишканага таандык оор жүк ташуучу унааны уурдап, айдап кеткен.

"Бул фактынын негизинде ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү Ноокат району тарапка унааны мас абалда айдап бараткан учурда кармалган. Ал 1995-жылы туулган Э.Т. аттуу Кадамжай районунун тургуну болгон. Жүк ташуучу унааны борту көтөрүлгөн абалда айдап бараткандыктан шаардагы бир нече байланыш, электр чубалгыларын үзүп кеткен", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан