Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын футбол боюнча курама командаларынын ортосундагы жолдоштук оюн жабык режимде өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул беттеш телеберүүдөн да көрсөтүлбөйт. Оюн 25-августта Ташкент шаарындагы "Бунёдкор" стадионунда Бишкек сааты боюнча 21:00дө башталат.
Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бул беттешке 22 футболчуну чакырганы белгилүү болгон. Оюнга улуттук курамдын катарында чет өлкөдө ойногон футболчулар чакырылган эмес.
Кыргыз өлкөсүнүн курамы:
Дарбазачылар:
Павел Матяш, Валерий Кашуба;
Коргоочулар:
Азамат Байматов, Тамирлан Козубаев, Даниэл Тэго, Курсан Шератов, Аманбек Маныбеков, Владимир Казакбаев, Данила Сокирченко;
Жарым коргоочулар:
Бахтияр Дүйшөбеков, Фархат Мусабеков, Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу, Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев, Одилжон Абдурахманов, Муролимжон Ахмедов, Антон Землянухин;
Чабуулчулар:
Максат Алимов, Сүйүнтбек Мамыралиев.