Чүйлүк дыйкан: "Былтыр бажы биримдигине ишенип банкрот болдук"

Бишкек шаарынан анча алыс эмес айылдардын биринде жашаган Алтынбек Койчиев менен Шааболот Мусаков 2 жылдан бери жер иштетип, жашылча-жемиштердин түрүн эгип келишет. Ушул тапта жерге кеткен чыгашасын да, кирешесин да тең экиге бөлгөн дыйкандар "жакынкы күндөрү түшүмдүн үзүрүн көрүп баштайбыз" деп алакандарын ушалап отурган чак.

"Быйыл да экөөбүз биргеликте 3 гектарга жакын аянтка жашылчаларды эктик. Азыр биздин эгин талаабызда помидор, баклажан, бадыраң, болгар калемпирлери таттуусу, ачуусу, жарым ачуусуна чейин бар. Түшүмдөрдүн алды болуп бышкан бадыраңды сатып түгөттүк. Калган жашылчаларды сентябрь айынын биринчи жумасынан баштап терип, сата баштайбыз. Былтыр бажы биримдигине ишенип банкрот болдук. Быйыл капуста айдаган жокпуз. Себеби 120 миң сомго чыгым болуп өстүргөн капустабызды терип жыйнап кыштын ортосунда зорго 80 миң сомго саттык. Мунун баары өкмөттүн туура эмес жүргүзгөн саясатынын айынан болду. Мисалы, азыр көпчүлүк дыйкандардын өздөрүнүн товарларын Орусияга же Казакстанга кандай жол менен алып чыгары жөнүндө маалыматтары аз. Фитосанитардык-ветеринардык лабораториялардан өткөрүш керек дейт. Бирок кайда барып, кантип өткөрүүнү эч ким билбейт. Менимче, бул жагын да ортомчу алып-сатарлар өздөрүнө ылайыктап алган", - деди дыйкан Койчиев.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин башчысы Амангелди Исаев учурда Бишкек шаарындагы лабораторияда оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан айрымдарын Ысык-Көлдүн Түп районуна жөнөтүп, ошол жактан текшерүүдөн өткөрүп жатышкандыгын айтты.

"Айыл чарба продукцияларын экспортко чыгарууну каалагандар биздин карантиндик департаментке кайрылышат. Адистер товардын арасынан текшерүүгө керектүү өлчөмүн алып, иликтеп жыйынтыгына жараша корутунду жазып берет. Бажы биримдигинин талаптарына ылайык жашылча-жемиштерде бир да курт болбоосу керек. Бизден текшерүү маалында таза деп өткөрүлүп, кийин экинчи өлкөдөн кокус талапка жооп бербеген жагдай түзүлсө, ошол ишкердин тарткан зыянын төлөп беребиз. Борбордогу лабораторияда оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан бизге кайрылгандардын товарларын Түптөн текшертип келип жатабыз", - деди Исаев.

Түшүмдү ортомчусуз ыңгайлуу баага сатуу да дыйкан үчүн ири киреше алып келет. Антпесе кирешеден чыгаша көбөйүп мээнет акталбайт. Көчөттү эккенден баштап жыйнап алууга чейин оор жумуштарга жалданма күчтөрдү чакырып, аларга күнүнө 600 сомдон төлөөгө туура келет.

"Жаз айынан күзгө чейин мээнеттенип өстүргөн дыйкандын түшүмүнөн ортомчу алып-сатарлар көп киреше табышат. Базар баасында сатайын десең, бизде убакыт тар. Анткени биринин артынан бири быша баштаган түшүмдү терүүгө үлгүрбөй калабыз. Ошондуктан базарга алып барып дүңүнөн сатууга туура келет. Кечээ болгар калемпиринин бышкандарын 7-8 сомдон саттык. Аны алгандар кайра эле соода орундарынан 15-20 сомдон сатышат", - деп кошумчалады экинчи дыйкан Мусаков.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен быйылкы айдалган жашылчалардын аянты 52 миң гектарды түзөрүн, анын ичинен 6,4 миң гектарга капуста айдалганын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
grace
2017-08-23 16:37:58
Лабораторияны күзгү жыйым-терим учурунда оңдобой мурда эле киришпейби? Түпкө апаруу да чыгым, ансыз да дыйкандар кыйналып жатат го.
+2
Shekeev969798
2017-08-23 17:34:41
grace, Тоок ХХХХ келгенде какылыктайт бизде ушундай жолдорду салып бутуп кайра тешип турбаларды откозот кылиыш кылгандарды 1..2 жылдан кийин соттойт
0
admin_superstan
2017-08-23 17:44:57
Shekeev969798, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
asdef
2017-08-23 22:34:57
Россияга Кытайдан ууланган жер жемиштер фура фура болуп келет. А эмнеге Кыргызстандан экологически таза продукция ны откозбойт тан калам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан