Голливуд жылдызы Мадонна биринчи жолу бардык балдары менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Сүрөт ушул жылдын 16-августунда, ырчынын 59-туулган күнүндө тартылган. Ал бул майрамды Италиядагы кичинекей Лечче шаарчасындагы Салентина жарым аралында балдары жана курбуларынын коштоосунда белгилеген.
Сүрөттөн ырчынын 20 жаштагы кызы Лурдес, 17 жаштагы уулу Рокко, багып алган балдары: 11 жаштагы Дэвид жана Мерси, 4 жаштагы эгиздер Стелла жана Эстерди көрүүгө болот.
Алардын ичинен кызы Лурдести бир кездеги машыктыруучусу Карлос Леондон төрөсө, уулу Рокко белгилүү режиссёр Гай Риччинин баласы. Ал эми калгандары бакма балдар.
Ырчы бул Стелла жана Эстер аттуу эгиздерди ушул жылдын февраль айында багып алган. Алардын өз энеси төрөттөн көп өтпөй кайтыш болуп калса, атасы балдарды камсыздай албасын билдирген. Мындан улам ырчы соттун чечими чыкканга чейин 1 айга жакын Чыгыш Африкадагы Малави Республикасында жашаган.
Ошондой эле 2006-жылы уулу Дэвидди да аталган аймактан, андан 3 жыл өткөндөн кийин кызы Мерсини расмий түрдө багып алган. Учурда ал 6 баланын энеси аталып, Баатыр энелердин катарын толуктайт. Бирок үй-бүлө дайыма эле чогула албайт. Себеби ырчынын улуу кызы Лурдес бир кезде апасы окуган Мичиган университетинин алдындагы колледжден билим алат.