Быйыл өлкө аймагында катталган жол кырсыктарынын саны өстү

Быйыл өлкө аймагында катталган жол кырсыктарынын саны өстү. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкө аймагында 7 айда 3239 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 6,9 пайызга же 211 кырсыкка көп.

Жол кырсыктырынан 394 адам каза болуп, 4841 адам жабыркаган. Ал эми өткөн жылы 7 айда 488 адам каза болгон болчу.

Адистердин айтымында, жол кырсыктары көп учурда айдоочулардын жолдо жүрүү эрежелерин сактабагандыгынан жана айдоочулук милдеттерине кайдыгер мамиле жасаганынан улам келип чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
RusMos76
2017-08-23 13:08:41
Окунучтуу жолго да карап койгула, жолдо жургондо темирдей бекем тартип керек!
0
Amai
2017-08-23 16:59:00
Гаи кызматкерлери эшек такалап андай жерлерди кузотпой сабашка коп тушотурган жерлерди карайт олсон да пп аларга.Кыргызымда мыйзамдын жоктугу же ХХХХ деп айтам муну.

+1
admin_superstan
2017-08-23 17:19:35
Amai, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан