Өлкөдө экономикалык стабилдүүлүк өкүм сүргөндө гана ак илбирсти коргоого багытталган иштер жыйынтык берет. Мындай оюн бүгүн, 23-августта Ак илбирсти коргоо боюнча өтө турган эл аралык форумга карата өткөн маалымат жыйынында "Глобалдык жолборс" демилгесинин негиздөөчүсү Кешав Варма билдирди.
"Көптөгөн бийлик өкүлдөрү жаратылышты коргоо өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшүнө тоскоол болуп жатканын айтышат. Эгерде мамлекетте экономикалык стабилдүүлүк болсо, ак илбирсти коргоо боюнча жасалган иштер жыйынтык берет. Экономикалык өнүгүү менен жаратылышты коргоонун ортосунда теңдикти жаратышыбыз керек", - деди ал.
Ал эми Жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу департаментинин директору Алмаз Мусаев: "2013-жылкы форумдан кийин 12 мамлекеттин ар бири өзүнчө ак илбирсти коргоо боюнча стратегиялык планды иштеп чыккан. Анын алкагында Кыргыз мамлекети 2020-жылга карата Ысык-Көл, Тогуз-Торо, Токтогулдун жана Оштун аймагында бул жаныбарды коргоо үчүн атайын аймак түзүүнү пландап жатат", - деп билдирди.
Алмаз Мусаев ак илбирсти өлтүргөндөргө салынган айып пул мурда 500 миң сом болсо, азыр андан үч эсеге - 1,5 миллион сомго көтөрүлгөнүн, ошондой эле бул жылы адамдар тарабынан ак илбирсти жок кылган учур катталбаганын айтты.
Эртеңки форумга Непалдын жалгыз миллиардери, Кытай, Индия жана башка мамлекеттерден жеке ишкерлер келип, ак илбирсти сактоо боюнча өз сунуштарын айтат.
Белгилей кетсек, Ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форум алгач 2013-жылы октябрь айында Кыргыз өлкөсүндө өткөн. Экинчи форум эртең, 24-августта Кыргыз жеринде 12 мамлекеттин катышуусунда башталат.