Бактияр Токторов: "Шайлоодо чиновниктер бизди колдонушат, убакыттан пайдаланып биз да аларды колдонуп коёбуз"

Легендарлуу "Биз" тобунун белгилүү ырчысы Бактияр Токторовдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги бир нече мүнөттөрдөн кийин башталат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ырчыга байланыштуу суроолоруңузду берип, жооп алсаңыз болот. Ал эми оригиналдуу суроо жөнөткөн окурмандарга белектер ыйгарылмакчы.

Белгилей кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт. Суроолоруңузга түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот.

15:00 "Биз" тобунун ырчысы Бактияр Токторовдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталып, алып баруучулардын "ойготкуч" суроолоруна жооп бере баштады.

15:10 Окурмандын "Өзбек туугандардын "Буй-буй" ырын которуп ырдап чыгышына каршы болгон жоксузбу?" деген суроосуна "Биздин топтун ырларын ким кааласа ырдай берсин, каршылык жок. Тескерисинче, муну менен сыймыктанабыз" деди.

15:15 Суроо: "Бир жолу чупакабра койлорумду жеп жатат деп айткансыз. Азыр канча коюңуз калды?"

"Болгону 7 коюм бар болчу, баарынын тең канын соруп кеткен. Ошондон кийин мал бакканды токтоттум", - дейт.

15:20 Окурмандын "сизди Виктор Цойду туурагандай элестетебиз. Чын эле аны кумир тутасызбы?" деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди.

"Ал киши легенда. Ырларын сүйүп угам. Бирок аны туурайм деп айтуудан алысмын. Балким, кээ бир кыймыл-аракетим окшошуп кетет чыгар".

15:22 Суроо: "Оксана деген жубайыңыз кызыңыз менен сизди катташтырбай койгонун айткансыз. Азыр катташасызбы?"

"Кечээ эле ушул тууралуу ойлонуп жаттым эле. Кызымдын аты Альбина, азыр катташпайбыз. Анын өзүнүн себеби бар, кандай себеп экенин айтсам майдаланып кеткен болом", - дейт ырчы.

15:25 Окурмандын: "Сизди тойлордо ичип алып ырдайт дешет?" деген суроосуна "Мен "Буй-буйду" ырдасам ушул чын эле ичип алыптыр деп ойлошот. Ичпейм, болгону образга кирип алып ырдабасам, элге жетпей калышы мүмкүн. Андыктан түз туруп алып эле ырдай бербей, түрдүү кыймыл-аракетти аткара берем. Алла ырыскыны "Буй-буйга" салыптыр. Мунун арты менен машина алып, үй салып жатабыз", - дейт Токторов.

15:30 Ырчы сүйүү темасында сүйлөп жатып, алгачкы сүйүүсү окуучу кезинде келгенин, бирок ал учурда көптөгөн сүйгөн кыздарына жетпей калганын айтты.

15:34 Суроо: "Агаңыз Алим Токторов сизди бир аз жоопкерчиликсиз деп айтканын уктук эле. Азыр деле ошондойсузбу?

"Жок, андай эмес. Жоопкерчиликтүүмүн, эгер бул сапатым болбосо азыркы деңгээлге жетмек эмесмин", - дейт ырчы.

15:36 Бактияр Токторовдун аткаруусундагы "Лейлек" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.

15:40 Суроо: "Шайлоо - ырчылардын негизги каражат табуучу булагы дешет?"

"Шайлоодо чиновниктер бизди колдонушат, убакыттан пайдаланып биз да аларды колдонуп коёбуз", - дейт күлүп.

15:42 Окурмандын суроосу боюнча, гитаранын коштоосунда "Адина" аттуу ырын жандуу үн менен аткарууда.

15:45 Суроо: "Сиз жаш деле эмессиз, бирок тойлордон сизди жаш кыздардан тарта улуу муундун өкүлдөрүнө чейин курчап алганын көрөбүз. Сыры эмнеде?

"Ниет кылыш керек деп койбоюнбу. Тамаша, курчабайт деле, болгону сүрөткө түшкөнү жаныма келишет. Ошону айтып жатса керек", - дейт ырчы.

15:48 Окурмандын суранычы боюнча "Башкага келинсиң" аттуу ырын жандуу үн менен ырдап жатып, бул ырды мектепте окуп жүргөндө сүйүп, жетпей калган сүйүктүү кызына арнаганын айтты.

15:54 Бактияр Токторов алып баруучулар даярдаган оюндун шарты боюнча, ырларын рэп түрүндө окуп жатат.

16:00 Суроо: "Тойлорго ставкаңыз канча?"

"Шаарда болсо 100-300 доллар, башка аймактарга 500дөн жогору", - дейт ырчы.

16:05 Ырчы "Буй-буй" ырын гитаранын коштоосунда аткарууда.

16:14 Суроо: "Кой сойгонду билесизби, койдо канча устукан болот?"

"Негизи кыргыздын жигити сөзсүз түрдө кой сойгонду билиши керек. Тилекке каршы, мен кой сойгонду да, канча мүчөсү бар экенин да билбейм", - дейт ырчы.

16:19 Окурмандын "Биринчи жубайыңыздан канча балаңыз бар, эмнеге ажыраштыңыз эле?" деген суроосуна, "Альбина аттуу бир кызым бар. Ажырашканымдын себебин айтпайм. Баарына эле ачыла берсең, сөз көбөйүп кетет", - деди ырчы.

16:22 "Биз" тобунун аткаруусундагы "Элимдин патриоту болгум келет" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.

16:26 Бактияр Токторов окурмандын суранычы боюнча анекдот айтып, андан соң логикалык суроого жооп берүүгө аракет кылды.

16:32. "Туулган күнүң менен" деген ырын жандуу үн менен аткарып берди.

16:34 Суроо: "Аэропорттон чылым чегип жатканыңызды көргөм, үнүңүзгө терс таасирин тийгизбейби?"

"Негизи чылым чегүү үнгө гана эмес, бүт ден соолукка зыян. Бирок бирөөнү же бир нерсени күтүп жаткан убакытта чегип коюуга туура келет", - дейт ырчы.

16:38 Колдонуучунун суроосу менен Асанкалый Керимбаев менен Рыспай Абдыкадыровдун ырларын жандуу аткарып берди.

16:40 Ырчы өзүнө жаккан суроо берген окурманды аныктап, каалоо-тилек айткан күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.

16:45 Бактияр Токторовдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.

Бактияр Токторов: "Актанбай эле айтайын, жашоомдо 10-15 кызды сүйгөм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
kechirmeni
2017-08-23 15:43:09
Бактияр иштерине ийгилик Ошко качан концерт коесунар
0
Leili
2017-08-23 15:44:44
Биринчи жубайыныздан канча баланыз бар эмнеге ажыраштынар эле
-2
orio.n
2017-08-23 15:48:58
менин суроом жок гооо, кана я?!
0
karona12
2017-08-23 15:50:24
Жалан ваттан келген суроолорду окуп атасынар го,анда неге сонку кабарга жазгыл суроонорду дединер.
0
admin_superstan
2017-08-23 16:06:23
karona12, саламатсызбы! Суроолор редакция тарабынан иргелет, кайталанган, маңызы окшош суроолор берилбейт.
0
orio.n
2017-08-23 15:53:43
Бактияр байке сиз Голливуд жылдызы болуп калдыныз эми стилди озгортуу керек чачтан баштасак "лысый" же "Гу Жун Пё" нун чачындай кылып остуруп журо аласызбы?
0
cholpon119966
2017-08-23 15:57:01
Салам Супер инфо. Бактияр мырзага суроом мындай,угармандары коп болушу учун ырчыга талант менен аракет Гана жетиштуубу же музыкалык билим да созсуз болуш керекпи? Ушул тууралуу оюнуз...
0
aliaskarazim
2017-08-23 15:58:55
биз тобу на ийгилик бактияр байке айтканынз эсимде тер чыкпаса ырдагандай болбойм ошондуктан тердеп ырдайм дегенсиз азыр ырдагандай болбодунуз окшойт ээ
0
cholpon119966
2017-08-23 15:59:16
Ырчылыктан башка каражат булагыныз барбы Жана озунузду 20 жылдан кийин кандай элестетесиз?
0
Argenbai
2017-08-23 16:02:44
Ассолому валейкум Бактияр байке эгер кызыңыз экөөбүз бири бирибизди сүйсөк мага жубайлыка берет белеңиз
+1
cholpon119966
2017-08-23 16:02:53
Ырчы болбосонуз кайсы кесипти аркаламаксыз? Ата энениз кайсы тармактын инсандары болгон. Рахмат. Суроолорума жооп алам деген умуттомун.
0
Komrad
2017-08-23 16:11:22
Эски ырлардан алтыным деген ырды аткарып бербейсизби?

Экинчи суроом:[moderated]да СНГ, чет олколордон милоиондогон коруулор болгондо тан калдынызбы
+1
beklan.kz12
2017-08-23 16:21:53
суроону окуп койгулачы ат чаап улак тартыш ойной аласызбы?ырчы болбогондо ким болмоксуз?тамак жасай аласызбы?
0
bakytkg007
2017-08-23 16:23:10
Саламатсызбы сиз коп жыл мурун биз эмне учун модерин толкиндин ырына бийлешибиз керек бизда озубуздун ырыбызга бийлешибиз керек деп айткансыз чындап эле сиздин ырларыныз тойлордо коп койулат азыр кандай коз караштасыз
0
kyrgyzstan00
2017-08-23 16:27:53
Саламатсызбы Бактыяр аке?Москвадан ыссык салам!!@Сизди ар дайым биз сыйлайбыз уй булобуз менен!!Менин бир Айгул аттуу тааныш эжем сизди аябай соз кылып сиз менен сыймыктанып калат жолдошу Келдибек ошолорго бир салам жолдоп коюнчу (эгер унутуп калбасаныз)Челябинскийден таанышкан экенсиздер эле .Аман болунуз !!!
0
nur72
2017-08-24 12:35:06
саламатсызбы сизге ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан