Райкан Төлөгөнов: "Ден соолугум начар болуп жатса сотко алып келип, отурум болбой калып жатат"

Бүгүн, 23-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.

Анын жүрүшүнө күбө катары суралуучу Мирлан Касенов ден соолугуна байланыштуу отурумга катыша албастыгын кат аркылуу жазып билдирген. Ал тергөө учурунда берген көрсөтмөсүн колдой турганын айткан.

Жактоочу Сартбай Жайчибеков кийинки отурумга күбөлөрдү алып келүүнү өтүндү.

Ал эми Төлөгөнов: "Ден соолугум начар болуп жатса сотко алып келип, отурум болбой калып жатат. Мага эс алуу керек. Мени сот анык болор күнү алып келгиле", - деп суранды.

Соттук отурум күбөлөрдүн келбей калганына байланыштуу 6-сентябрга жылдырылды.

Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AIZAD
2017-08-23 17:09:22
Алганга келгенде шыпылдайбыз. Анан,тологонго келгенде эле оорукчан болуп калабыз. Таба эмес тобо!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан