Ооганстанда өзүн өзү жардырган жан кечти 5 адамдын өмүрүн алды
Ооганстандын түштүгүндө террорист-жан кечти өзүн өзү жардырып жиберди. Жардыруудан 5 адам каза болуп, 30га жакын киши жабыркады. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын так саны аныкталууда.
Бүгүн, 23-августта эртең менен полициялык башкармалыктын имаратынын жанында террорист-жан кечти унааны жардырып жиберген. Окуя Гильменд провинциясынын борбору Лашкаргах шаарында болуп, каза болгон жана жабыркагандар негизинен полиция кызматкерлери жана жолдо өтүп бара жаткан жашоочулар.
Маалыматта айтылгандай, жардыруу боюнча "Талибан" радикалдык кыймылы жоопкерчиликти өзүнө алган.