20-августтан 21-августка караган түнү Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Оштогу муниципалдык ишкананын гаражында токтоп турган КамАЗды белгисиз адам айдап кеткени айтылган. Дароо Патрулдук милициянын кызматкерлери барышып, гараждан 400 метр ары жакта КамАЗды айдап бараткан жаранды кармашкан. Ал ошол учурда мас абалда болгон.
"Бизге маалымат түнкү саат 01:45 чамасында келип түштү. Окуя болгон жерге дароо барып, шектүү катары 1995-жылы туулган Э.Тны кармадык. Ал КамАЗдын борту көтөрүлгөн абалда айдап кеткен. Мындан улам Мамыров көчөсүндөгү бир катар байланыш, электр зымдары үзүлүп, газ түтүгү жарылган. Биз ал көчөнүн эки жагын жаап, тиешелүү кызматтарды чакырдык", - дейт Ош ШИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кенже инспектору Нурлан Жунусбаев.
Ал эми шектүүнүн айтымында, жанында дагы бир адам болгон, ал КамАЗды жүргүзүп берген.
"Негизи аракты көп ичем. КамАЗды эмнеге жана кантип айдап чыкканымды билбейм. Аны менин жанымда болгон адам билет. Ал менен чогуу арак ичтим, болгону ошол. Мен издөөдө эмесмин, менин күнөөм жок", - деп көрсөтмө берген шектүү.
Бирок патрулдук унаада шектүү өзү гана болгонун айтууда. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.