Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз өлкөсүнүн грек-рим күрөшү боюнча курама команданын жыйынтыгы

Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим стилинде Кыргыз өлкөсүнүн балбандары сыйлуу орундарга жетпей калышты.

21-22-августта өткөн грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 8 салмак ченинде медалдар ойнотулган. Анда Кыргыз балбандар сыйлуу орундарга татыган жок. Кыргыз спортчулардын арасынан мыкты жыйынтыкты Каныбек Жолчубеков көрсөттү. Ал 59 килограмм салмак ченинде күрөшүп жарым финалга чейин жеткен. Жарым финалда Кыргыз балбаны япониялык Кеничиро Фуматага 2:1 эсеби менен жеңилип калган. Коло медаль үчүн күрөштө Каныбек Жолчубеков орусиялык Степан Марянянга туш келип 10:2 эсебинде жеңилип калган. Бул жыйынтык менен Жолчубеков аталган мелдеште 5-орунга ээ болду.

Кыргыз балбандардын жыйынтыгы:

59 килограммга чейинки салмак ченинде: Каныбек Жолчубеков 5-орун;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Жанат Кыйлыбаев 25-орун;

71 килограммга чейинки салмак ченинде: Нургазы Асангулов 9-орун;

75 килограммга чейинки салмак ченинде: Кайратбек Түгөлбаев 12-орун;

80 килограммга чейинки салмак ченинде: Самат Шырдаков 13-орун;

85 килограммга чейинки салмак ченинде: Азат Бейшебеков 12-орун;

98 килограммга чейинки салмак ченинде: Үзүр Жусупбеков 19-орун;

130 килограммга чейинки салмак ченинде: Мурат Рамонов 16-орун.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Janym_ata_enem
2017-08-23 19:38:28
Акжол махмудов барганда балким болмок беле...
0
voennyi88
2017-08-23 20:18:16
Ото окунучтуу. Буюруса баары алдыда.
0
mirkaa5182
2017-08-24 00:32:14
кыйратыпсыңар, азаматтар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан