“Алхимик” романы менен дүйнөгө таанылган бразилиялык жазуучу Пауло Коэльо өспүрүм курагында дээрлик тынч эмес жашоодо жашаганы маалыматтарда айтылат. Себеби ата-энесинин каалоосу менен юристтин окуусуна тапшырууга, ал гана эмес психиатриялык ооруканага жатып чыгууга жана чуулгандуу ырларынын айынан түрмөгө камалууга да туура келген.
Жазуучу 1947-жылы 24-августта Рио-де-Жанейродо туулган. Ал кичинесинен жазуучу болууну кыялданганы менен, 1960-жылдары аталган өлкөдө искусствого кысым көрсөтүлүп турган эле. Ал эми келечектеги таланттын ата-энеси уулунун жазуучу болуу кыялын түшүнбөгөндүктөн жана аны ар кандай кырдаалдан коргоо үчүн 17 жашында атайын психикалык ооруканага жаткырышканы айтылат. Ал жактан 3 жолу качууга аракет кылган Пауло Коэльо 20 жашында толугу менен ооруканадан чыгарылган.
Андан соң гезиттерге ырларын жарыялап, көп өтпөй мамлекетке каршы багыттагы ырларды жазгандыгы үчүн камакка алынат. Түрмөдөн чыккан соң тынч жашоону чечип, баш-оту менен китеп жазууга киришкен.
1988-жылы “Алхимик” романы жарык көрүп, болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болгон. Роман 67 тилге которулуп, Европадагы көптөгөн окуучуларга сабактан сырткары окуп келүүгө берилип, 2009-жылы эң көп тилге которулган китеп катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.
Романдын негизги каарманы Сантьяго деген чабан. Бир жолу ал түш көрүп, түшүндө кимдир бирөө аны Египеттеги пирамидаларга барып, ал жакта катылган казынаны таап келүүгө үндөйт. Чабан бүт малын сатып Африканы көздөй бет алат. Бирок жолдон болгон акчасын жоготуп, ал жактагы хрусталь сатуучунун жардамчысы болуп иштеп калат. Тапкан каражатын чогулткан соң Египетти көздөй жолго чыгат. Ал жактан бейтааныш мырзаны жолуктуруп, ал аркылуу сырдуу Алхимик тууралуу угат. Алхимик аны жан дүйнөсүн угууга жана жашоодо өз жолу менен кетүүгө үйрөтөт. Соңунда бир канча кыйынчылыкты баштан кечирип, жашоонун маңызын түшүнгөн чабан издеген казынаны Египеттен эмес, өзүнүн мекени Испаниядан табат.
Коэльо эч качан каармандарына толук сүрөттөмө берип, алардын жүзүн толугу менен ачкан эмес. Анын айтуусунда, китепти окуган адам өзү ой-жүгүртүп, окуяны өзү каалагандай кылып түшүнүп алуусу керек.
Жазуучунун 86 миллиондон ашуун нускадагы китептери 150дөй өлкөгө сатыкка чыгып, дүйнөдөгү эң көп сатылган китептердин катарына кирген. Анын романдарын сүйүп окугандардын катарын Голливуддун белгилүү жылдыздары Мадонна менен Жулия Робертс да толуктайт.
Пауло Коэльо 4 жолу үйлөнгөн. Ал нике шакегин тагынууну жактырбагандыктан, 4-жолу үйлөнгөндө колуна көпөлөктүн сүрөтү түшүрүлгөн татуировка тарттырган. Учурда 4-жубайы Кристина Ойтисика менен Бразилияда жашоо кечиришет.
Пауло Коэльонун учкул сөздөрүнөн:
24-августтун жылнаамасы.