Дарья Маслова Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадада алтын медаль утуп алды

Дарья Маслова бул күндөрү Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадада алтын медаль жеңип алды.

23-августта жеңил атлетика боюнча мелдештер башталган анда 10 миң метр аралыкта чуркоого Кыргыз өлкөсүнүн атынан Азиянын эки жолку чемпиону, Ислам тилектештик оюндарынын коло медалынын жеңүүчүсү Дарья Маслова чыккан. Жарышка 14 мамлекеттен 19 жөө күлүк катышкан.

Чуркоо аралыгында дээрлик алдыда Япониялык Юки Мунехиса алдыда келе жаткан. Бирок акыркы миң метр аралыкта Маслова өзүнүн ылдамдыгын жогорулатып 33 мүнөт 19,27 секунда көрсөткүчүн көрсөтүп жеңишти илип кеткен.

Күмүштү Индиялык жөө күлүк Жадхав Санживани алса, коло медалды Япониялык Ай Хосода тагынган.

Дарьянын алтын медалы бул оюндарда Кыргыз мамлекети үчүн биринчи медаль болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Janusia
2017-08-24 09:09:38
Азамат!
0
Komrad
2017-08-24 09:22:54
Таанып журолу, омур баянын жазсанар, кээбир ырчыларга караганда
+1
admin_superstan
2017-08-24 10:36:57
Komrad, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
grace
2017-08-24 12:05:45
Дарья жеңиш кут болсун, Азамат!
0
nelya88
2017-08-24 15:17:40
Оо, куттуктайбыз! Ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан