Суданда Орусиянын элчисинин жансыз денеси табылды

Суданда Орусиянын элчисинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарына бул окуяны тастыктаган. Министрлик элчи Миргаяс Ширинскийдин жансыз денеси 23-август күнү Судандын борбор шаары Хартумдагы өзүнүн резиденциясынан табылгандыгын, учурда анын өлүмүнүн себептери аныкталып жатканын айтышып, дагы кошумча маалыматтар берилерин билдиришкен.
Ал эми элчинин өлүмү тууралуу Судандын жалпыга маалымдоо каражаттары өздөрүнүн жеке булактарына таянып элчинин бассейнде каза болгонун жазып чыгышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан