Кытайдын түштүгүндө болгон "Хато" тайфунунан улам 9 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кечээ болгон куюн акыркы 5 жылдагы эң күчтүү болуп эсептелет.
Полициянын берген маалыматы боюнча, катуу шамал транспортту, үйлөрдүн чатырын учуруп, айыл чарба жерлерин суу каптаган. 2 миллионго жакын үйдүн электр жарыгы өчкөн. Билим берүүчү, мамлекеттик мекемелердин, финансылык жана коммерциялык уюмдардын иши токтотулган. Бийлик жүз миңдеген тургундарды коопсуз жайларга көчүргөн.