Сотто Салянова менен прокурор айтыша кетишти

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон иш боюнча соттук отурум уланууда. Сот Кубанычбек Касымбеков 7 томдон турган материалдарды иликтеп жатат. Учурда 2-томду кароодо.

Сот материалдарды окуп жатып, өтө маанилүү делинген бөлүктөргө келгенде Салянова аны токтотуп тактоодо. Салянова соттон бүт беренелерди толугу менен окууну өтүндү. Сот "баарын окуй албайм, керектүү гана жерлерин окуйм" деп айтты. Бирок Салянова: "баарын окуп чыгышыңыз керек, эл билсин. Сиз маанилүү жерлерин калтырып коюп жатасыз", - деп сотко кайрылды.

Сот: "Мага үйрөтпөңүз, мен бүт карап чыккам. Бул ишти эл иликтебейт, сот тергейт. Мен азыр керектүү жерин гана окуп, жыйынтыкка карап чечим кылам", - деп жооп кылды.

Бул учурда прокурор сотко керектүү жерин гана окуу өтүнүчүн келтирди. Салянова прокурорго "арыдан бери бол" деп кайрылды.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Altyn2017
2017-08-24 10:13:44
Мамлекетке эч кандай зыян келтирбегенле адамдарды терористтердей соттошуп бул бийлик
+3
12.12.12
2017-08-24 10:32:50
Соттор оздору тазабы? Алар адам тагдырын чечип жаткандан киийн туура чечим чыгарсын. Беттерин 5 кг кылып, уялбай параны ошолор алышат. Албетте таза иштегендери да бар. Бирок чанда.
+6
zinaniz
2017-08-24 13:59:32
12.12.12,беттери 5кг эмес100кг.болуш керек
-1
evra_kg
2017-08-24 11:21:19
Таза иштеген киши жок бизде
Камаса чекеден камабайбы аша озунон баштаса болмок
-1
admin_superstan
2017-08-24 12:15:37
meni_kut, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
-3
admin_superstan
2017-08-24 12:16:28
Nanei, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
-3
akaichik
2017-08-24 12:19:18
Сот залы бош го.
+1
Ermekbai
2017-08-24 13:52:07
Саляновада убагында Жапаро, Ташиев, Келдибековдорду камады эле ошол айланып келип башына тийдиби деп ойлойм. Акталып чыгып кетсин саясат ушундай сассык нерсе экен.
+1
Ayida
2017-08-24 15:08:50
Салянова мыкты аял!!!Аллах жардам берсин
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан