"Жунда" ишканасына таандык бензовоз кырсыкка кабылып, 2 тонна мазут Кара-Балта суусуна аккан. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 23-август күнү түштөн кийин Бишкек-Ош унаа жолунун 82-чакырымында (Жайыл району) болгон. Анда "Жунда" ишканасына таандык 30 тонналык бензовоз алдында келе жаткан бензовозду сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2 тонна мазут Кара-Балта суусуна аккан.
Окуя болгон жерге экотехинспекция, прокуратура, санэпидемстанция, Патрулдук милиция, жол-тейлөө ишканасынын кызматкерлери барышкан.