Өткөн суткада Кыргызстанда 6 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы орун алган. Тилсиз жоодон адам өмүрүнө зыян алып келген фактылар болгон жок.