Руперт Гринт – “Гарри Поттер" тууралуу тартылган тасмаларда Гарринин жакын досу Рональд Уизлинин ролун аткарган британиялык актёр. Ал 1988-жылы 24-августта Англияда туулган. 11 жашында сыналгы аркылуу "Гарри Поттер" китебинин негизинде фильм тартылары жана ага катышууга жаш балдарга кастинг жүрүп жатканынан кабардар болот. Кичинесинен аталган китепти сүйүп окуган өспүрүм дароо сынакка катышып көрүүнү чечет.
Актёрлук билими жок болгонуна карабай, сынакка катышкысы келип жатканы жөнүндө рэп айтып, аны Руперттин апасы уюштуруучуларга жиберген. Андан соң сынак өтүп жаткан жерге барып, китепти көркөм окуп, кийинки турда сценарий боюнча роль аткарган. Ал эми 2000-жылдын 8-августунда анын сынактан өткөндүгү тууралуу жооп келген. 2001-жылдын ноябрь айында тасманын бет ачарынан соң кичинекей Руперт дүйнөгө белгилүү болуп чыга келген.
"Гарри Поттердин" фильмдери улам-улам тартылып, толугу менен 10 жылдын ичинде соңуна чыккан. Мындан улам көпчүлүк аны эл көзүндө чоңойгон актёр деп аташат.
Өзү бул аралыкта фильмдеги актёрлордун ортосунда жылуу, ынак мамиле түзүлгөнүн айтат.
"Биз 10 жылдай чогуу болуп, көп нерсени баштан кечирдик. Тасманын соңку бөлүгү тартылып жатканда ишене албай, кадимкидей жаман абалда болдум. Учурда баарыбыздын жумуштарыбыз көп болгондуктан жана бири-бирибизден алыс жашагандыктан бат-баттан жолугуп турууга мүмкүнчүлүк жок. Азыр тасмадагы эгиз инилерим менен көп катташам", - деген ал.
Ошондой эле көптөн бери чогуу жүрүп, бир туугандай мамиледе болуп калган Эмма Уотсон менен фильмдин соңку бөлүгүндө өбүшүү керек экендиги аябай кыйынчылык жаратканын, ошентсе да көрөрмандарга образды мыкты жеткирүү үчүн экөө тең абдан аракеттенишкенин билдирген.
Ал өбүшүүдөн соң Гринт менен Эмманы кыз-жигит деген кептер айтылган. Бирок муну экөө тең жокко чыгарышкан соң актёр менен Жоржия Грум аттуу актрисанын жылуу мамиледе экени коомчулукка желдей тараган. Кийин чет элдик булактар алардын эки башка жолго түшкөнүн жазышып, учурда анын жүрөгү бош экенин кошумчалашкан.
Таң калычтуусу, актёр жогоруда аталган тасмадан соң башка фильмдерге деле тартылган, бирок алар мындай атактуулукту алып келген эмес. Буга байланыштуу көптөр актёрду депрессияга кабылып, ичкиликке берилип кеткен деп айтып чыгышкан. Ал гана эмес папараццичилер анын өзүнө карабай, жүдөп, көздөрү шишип турган сүрөтүн жарыялашкан.
24-августтун жылнаамасы.