Учурда Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз улакчылары тажик курамасы менен беттешип, 15:2 эсебинде жеңишке жетишти.
Оюндун 2-мүнөтүндө Нуржан Мелисбек уулу эсепти ачты. Эсеп 1:0.
Арадан 2 мүнөт өтпөй Нурманбет Койчукеев эсепти кеңейтти. Эсеп 2:0
6-мүнөт: Аскат Батырбек уулу эсепти 4:0 кылды.
13-мүнөт: Рустам Тыналиев эсепти 7:0 кылды.
17-мүнөт: Урмат Раушан уулу Тажик улакчыларын аралап өтүп, эсепти 8:0гө жеткирди.
Кошумчалай кетсек, Урмат Раушан уулу Ахилес аргымагы менен талаанын орто чийинде тажик спортчусуна муляжды алууга мүмкүнчүлүк бербей жатат.
19-мүнөт: Урмат Раушан уулу орто чийинден муляжды эңип алып, аргымагын чаптырып эсепти 9:0 кылды.
1-бөлүк аяктап эки команда тыныгууга кетти.
21-мүнөт: Аскат Батырбек уулу 2-бөлүк башталгандан кийин эсепти ачканга үлгүрдү. Эсеп 10:0.
24-мүнөт: Комбат аттуу аргымакты минип жүргөн Рустам Тыналиев тажик улакчыларынан муляжды жулуп кетти. Эсеп 11:0.
27-мүнөт: Эсеп 12:0.
28-мүнөт: Кыргыз курамасы тажик улакчыларына мүмкүнчүлүк берип, эсепти 12:1 кылганга жол берди.
29-мүнөт: Сейтбек Анарбек уулу эсепти 13:1 кылганга үлгүрдү.
31-мүнөт: Таштемир Замирбек уулу Кыргыз курамасына дагы бир жеӊишти алып келди.
37-мүнөт: Урмат Раушан уулу атаандаштарын аралап, Тынчтык Кабылбековго муляжды өткөрүп берди. Ал эсепти 15:1ге жеткиргенге үлгүрдү.
39-мүнөт: Тажик курамасы кайрадан Кыргыз улакчылары тарабынан каршылык көрбөй эсепти 15:2 кылды.
Оюн жыйынтыкталды. Кыргыз улакчылары кайрадан мыкты экенин көрсөтүп, 4-жеңишин майрамдап жатат. Кийинки оюнда кыргыздар АКШ улакчылары менен күч сынашат.
Кыргыз курама командасы "А" тайпасында татыктуу 1-орунду ээледи. Буга чейин Кыргыз курамасы 1-орунду Тажикстан курамасы менен бөлүшүп келген.