Казакстандык теннисчи Юлия Путинцева машыктыруучусун кемсинтип жаткан видео тарады

Теннис боюнча кыз-келиндер арасында Нью-Хейвенде өткөн мелдешке Казакстандын атынан катышкан 22 жаштагы Юлия Путинцеванын тыныгуу маалында машыктыруучусуна айткан сөздөрү интернет айдыңында кызуу талкууга түштү. Юлия: "Сен эмне такыр акылсызсыңбы? Өзүңдүн видеолоруңду карап отурасың. Мен топту утканда бир да жолу кол чапкан жоксуң. Сен бул жакка эмнеге келдиң эле? Шылдыңдап жылмайганыңды токтотчу!" деген сөздөрдү оюн ортосундагы тыныгуулардын биринде айткан.

Юлия Путинцеванын француз теннисчиси Ализе Корне менен болгон беттеши 0:6, 0:6 эсеби менен аяктап Юлия жеңилүү ызасын тарткан.

Кийинчерээк Юлия өзүнүн Инстаграм баракчасына машыктыруучусунун дарегине айтылган сөздөрү үчүн кечирим сурап жана эмнеге мындай окуя болгонун түшүндүрүп жазган. Ал билдирүүсүндө: "Кечээги күн мен үчүн оор күн болду, эч бир ишим оңунан чыкпай жатты. Бирок теннисте мындай болот. Мен машыктыруучум Роман Кислянскийден анын дарегине айткан сөздөрүм үчүн кечирим сурагым келет. Көп учурда эмоцияга алдырып жиберем, бирок мен бул кемчилигимдин үстүндө дайыма иштеп келем. Дагы бир жолу кечирим сурайм. Ошондой эле күйөрмандарыма алардын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет", - деп жазган.

Казакстандык теннисчи Юлия Путинцованын машыктыруучусуна кылган мамилеси
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ermekbai
2017-08-24 16:06:12
Катуу кеткенби
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан