"Заноза" товардык белгиси боюнча сот башка күнгө жылды

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда "Занозанын" товардык белгисин жасаган Саламат Жумалиевдин арызы каралмак. Бирок ага жоопкер Александр Рябушкин жана Кыргыз патенттин өкүлдөрү келишкен жок. Мындан улам соттук отурум 13-сентябрга жылдырылды.

"Занозанын" логотибин Саламат Жумалиев аттуу дизайнер иштеп чыккан. Сот бизге "Заноза" аталышын колдонууга тыюу салгандан кийин, ал сайтты өзүнө каттатып алган Рябушкинди сотко берген. Ал "Мен башка адамдардын буйрутмасы менен аталган логону иштеп чыккам, эмнеге биздин эмгекти өзүнө каттатып алат" деп февраль айында сотко кайрылган. Рябушкин сайт иштеп жаткан учурда 1 жылдан кийин өзүнө каттаткан. Биз "Заноза" аталышын юридикалык жактан каттатпастан бренд катары эле колдонуп жүргөнбүз", - дейт сайттын негиздөөчүлөрүнүн бири Нарын Айып.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан