Биз социалдык тармакта

Индиядагы аэропорттон ири суммадагы акча менен кармалган Кыргыз жараны эки жумага камалды

Индиядагы аэропорттон ири суммадагы акча менен кармалган Кыргыз жараны эки жумага камалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 56 жаштагы Зухра Балтабаева биринчи соттук отурумдун негизинде эки жумага камакка алынган.

Айта кетсек, 21-август күнү Индиянын Нью-Дели шаарындагы аэропорттон Кыргыз жараны ири суммадагы акча менен кармалганын индиялык indianexpress басылмасы жазып чыккан. Анда 56 жаштагы Зухра Балтабаева аттуу Кыргыз жараны Нью-Дели шаарындагы аэропорттон Бишкекке учуп жаткан маалда кармалганы айтылат.

Айрым такталбаган маалыматтар боюнча, Зухра Балтабаева кызы менен 8 килограммга жакын алтынды Индияга мыйзамсыз алып өтүшүп, ири суммадагы акчага сатышкан. Балтабаеванын кызы мейманканалардын биринен кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
evra_kg
2017-08-24 15:11:35
Каяктан алган экен ал алтынды
+3
Rifle_I
2017-08-24 19:09:00
evra_kg,Кумтөрдөн взяткага берилген бир жепжутатга. Ал буларды жалдап жиберди Индияга. Эми эки жолдо алтын ээсин табып, акчасы да буйрубай калды.
Бул менин фаниазиялык версиям :)
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан