Голливуддун тарыхындагы популярдуулуктун туу чокусун багынткан кичинекей актёрлордун сап башында турган, дүйнө жүзүнө "Үйдө жалгыз" тасмасындагы Кевиндин ролу аркылуу таанылган америкалык актёр Маколей Калкин 1980-жылы 26-августта жарык дүйнөгө келген.
Ал 4 жашынан тарта тасма талаасына аралашып, бир канча фильмдерде эпизоддук ролдорду аткарып келген. Бирок чыныгы атактуулукту 10 жашында тартылган "Үйдө жалгыз" тасмасы алып келип, анын алкагында "Эркектин мыкты ролу" наамы менен алгачкы "Алтын глобус" сыйлыгын алган. Ал эми тасма 500 миллиондон ашуун киреше алып келгени үчүн "Гиннесстин рекоддор китебине" комедия жанрындагы эң кирешелүү тасма катары кирсе, Маколей Калкин "Үйдө жалгыз-2" фильминен 5 миллион, "Бай Риччи" тасмасынан 8 миллион доллар гонорар алгандыгы үчүн "Эң көп акча тапкан жаш актёр" катары рекорд койгон.
Атактуулугу артып турган актёрду салтанатка чакыруу, ага торт кестирүү байлардын балдарынын оюн-зоогуна айланган. Ал тургай президент Билл Клинтон да өзүнүн инаугурациясында Маколейди сый коноктордун арасына кошкон.
Маколей Калкин көпчүлүккө азыркыга чейин жаш баладай сезилиши мүмкүн. Бирок анын жүрүм-туруму жана кылган кылыктары бул ойдон алыстатат. Тактап айтканда, актёрду жакындан тааныгандар аны баңгизатына жана спирт ичимдиктерине берилип кеткендигин, күнүнө 60 даанага чейин тамеки чеккен учурлары болгондугун айтып келишкен. Буга далил катары интернет айдыңында анын өтө арыктап, чачтары өсүп, жүдөп жүргөн сүрөттөрү байма-бай тарай баштаган.
Көпчүлүк анын мындай абалга келүүсүнө ата-энесин күнөөлөшөт. Себеби баласынын аты белгилүү болуп, чоң суммадагы гонорар табууга жарап калган соң ата-энеси анын акчасын талашып, көп убакытка чейин урушуп жүрүшкөн. Ал эми атасы баласына роль сунуштаган режиссёрлордон өтө эле көп өлчөмдөгү гонорар талап кылып, ал аз келгенсип фильмге анын бир туугандарын да тартууну айтып, алардын кыжырына тийчү. Ал гана эмес акча үчүн сунушталган сценарийлерди окуп чыкпастан, баарына эле макулдук бере берген. Мындан улам Маколей Калкин тасмаларга тартылуудан баш тартып, карьерасын убактылуу токтотуп турууну чечкен. Толук 12 жыл эс алган актёр 2003-жылы кайрадан экранда пайда болгону менен, элдин эсинде каларлык роль жарата алган эмес.
Бул боюнча ал өзү "мен балалыктын даамын сезген эмесмин. Кээде мектепке барып-келип, көчөдө эркин ойноп жүргөн балдарды көрүп суктанчумун, бирок эч ким муну түшүнгүсү келчү эмес. Ал эми ата-энеме - акча табуучу булак катары көрүнчүмүн" деп айтканы бар.
Ал Голливуддун поп-падышасы Майкл Жексон менен жакшы мамиледе болгон.
"Бизди бактысыз балалык, зордукчул аталардын кыйноосу байланыштырган. Ата-энем менин акчамды талашып урушуп жүргөн кезде дал ушул адам мени өз үйүнө алып кеткен. Анын мага кылган мамилеси ичимди жылытып, жок дегенде бирөөгө керек экенмин деп сүйүнгөм. Азыр анын 2 уулунун өкүл атасымын", - деген ал өз маегинде.
Маколей Калкин 17 жашында өзү курактуу Рэйчел Майнер аттуу актрисага үйлөнүп, арадан 2 жыл өтпөй ажырашып кетишкен. Андан соң актриса Мила Кунис менен 8 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, белгисиз себептерден улам мамилелерин токтотушкан. Чет элдик маалымат каражаттары, актёр сүйүктүүсүнөн кол үзгөн соң ашыкча дары ичип өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылганын жазып чыгышкан.
Кызыгы соңку убактарда келбетине көп көңүл бурбастан, баңгизаты менен ичимдикке берилип кеткен деп айтылып жүргөн мырзаны ушул жылдын 23-июлунда АКШдагы дүкөндөрдүн биринен папараццичилер тартып алышкан. Анда актёр мурункуга салыштырмалуу бир топ өзгөрүп, чачын кыскартып сүйкүмдүү көрүнүп калган жана муну көргөн күйөрмандарынын кубанычында чек жок экени айтылган.
26-августтун жылнаамасы.