Бахрейндин Манама шаарында кыздар арасындагы футбол боюнча “Азия чемпиондугу-2014” мелдешине тандап алуу оюндары өтүп жатат. 22-майда мекендештерибиз кытайлык команда менен беттешип, 1:2 эсебинде утулуп калышты. КРнын Футбол федерациясы билдиргендей, оюндун 1-бөлүгүндө кытайлыктар 2 гол киргизишкен. Ал эми оюндун 2-бөлүгүндө кыргызстандык футболчулар 1 гол киргизүүгө үлгүрүштү. Айта кетсек, кийинки оюн 24-майда өтүп, анда Кыргызстан - Вьетнам командалары беттешмекчи.