Учурда Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз улакчылары АКШ курамасын 11:6 эсебинде жеңип алды.
Оюндун башталышында Таштемир Замирбек уулу эсепти ачты. Эсеп 1:0.
3-мүнөт: Кыргыз курамасы эсепти 2:0 кылды;
5-мүнөт: Эсеп 3:0 Кыргыздар алдыда;
7-мүнөт: Карыпбек Эшиев эсепти 4:0 кылды;
10-мүнөт: Кыргыз улакчылар атаандаштарына мүмкүнчүлүк берди. Эсеп 4:1;
12-мүнөт: Жолдошбек Орозбаев муляжды алып атаандашынын чийинине таштады. Эсеп 5:1;
14-мүнөт: АКШнын улакчылары Кыргыздардан калбай муляжды чийинге таштоодо. Эсеп 5:2;
17-мүнөт: Урмат Раушан уулу эсепти 6:2 кылганга үлгүрдү;
19-мүнөт: Америкадан келген ковбойлор эсепти 6:3 кылды.
Оюндун биринчи бөлүгү аяктап, улакчылар тыныгууга кетишти.
24-мүнөт: Кыргыз улакчылар америкалыктардын коргоонусун алдап өтүп эсепти 7:4 кылды;
26-мүнөт: Анарбек Сейитбек уулу 8-голду жаратты. Эсеп 8:4;
29-мүнөт: АКШ курама командасы мүмкүнчүлүк менен пайдаланып эсепти 8:5 кылды;
32-мүнөт: Аскат Батырбек уулу атаандаштарын аралап өтүп эсепти 9:5 кылды;
36-мүнөт: Ковбойлор Кыргыз улакчыларына жооп кайтарып эсепти 9:6 кылды;
37-мүнөт эсеп 10:6. Кыргыз улакчылар алдыда келе жатат;
39-мүнөт: Нуржан Мелисбек уулу эсепти 11:6 кылды.
Оюн аяктады. Кыргыз курама командасы 5 турдун жыйынтыгында мыкты ойноп, бардык атаандаштарынын үстүнөн жеңишке жетти. Алар Монголия курамасын 4:0 эсебинде, Өзбекстан курамасын 11:2 эсебинде, Түркия курамасын 13:3 эсебинде жана Тажикстан курамасын 15:2 эсебинде жеңип алды.
Эми Кыргыз улакчылар 27-августта Казакстан курамасы менен финалда күч сынашат.