Күйөрмандары Анна Седоковадан "MBAND" тобунун солисти менен мамилесин ачык баяндоону өтүнүшүүдө

Китеп дүкөндөрүнөн белгилүү жылдыздардын калемине таандык кандайдыр бир окуяга же залкар инсандарга арналып жазылган китептерди байма-бай табууга болот. А бирок өзү тууралуу китеп жазууга көптөр батына беришпейт. Украиналык ырчы, актриса жана алып баруучу Анна Седокова бул көрүнүштү артка таштап баш-оту менен өзү жөнүндө китеп чыгарууга бел байлады. Бул тууралуу орус жана украиналык басылмаларга ырчы өзү билдирген.

"Мага 3 басылма китеп чыгарууну сунуштады. Менин оюмча убакыт келди. Өзүм тууралуу жазылган китепте бүт чындыкты ачып, эч нерсени жашырбай баяндап берем", - деген ал. Бирок китеп качан жарыкка чыгарын айткан эмес.

Бул маалымат чыгары менен ырчынын күйөрмандары китептин бет ачарын чыдамсыздык менен күтүп жатышканын билдиришип, өзгөчө "MBAND" тобунун солисти Анатолий Цой менен болгон мамилеси тууралуу ачык жазуусун өтүнүшүүдө.

Белгилей кетсек, ырчы ушул жылдын 3-августунда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына 4 айлык уулу Гектор жана Анатолий Цой менен көлдүн жээгинде түшкөн сүрөтүн жүктөп, эч кандай билдирүү жазбастан, 3 жүрөкчө быйтыкчасын коюп койгон. Ошол эле жерден түшкөн башка сүрөттү Цой да киргизип, "эң жакшы күн" деген билдирүү калтырган. Мындан улам жылдыздардын мамилеси күйөрмандарынын кызыгуусун арттырып, чоң талкуу жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан