Ош облусунун Алай районунда 26-августта жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул туурасында Ош облустук Патрулдук милиция башкармалыгынан кабарлашты.
"Жол кырсыгы 25-августтан 26-августка караган түнү саат 01:30 чамасында Ош-Эркеч-Там жолунун 233-чакырымында болгон. Хундай Портер автоунаасы менен ЗИЛ-130 жүк ташуучу унаасы бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада Хундай Портердин айдоочусу 1954-жылы туулган Б.М., андагы жүргүнчүлөр 1979-1981-жылы туулган жарандар ооруканага жетпей каза болушкан. ЗИЛдин 35 жаштагы айдоочусу 4 жүргүнчүсү менен Алай аймактык ооруканасына жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондор 1 үй-бүлө мүчөлөрү болушкан", - деп айтылат маалыматта.
Тагыраагы, 1 киши 2 уулу менен каза болгон.