Мейвезер-Макгрегор беттешиндеги гонорардын суммасы маалым болду

Невада штатынын атлетикалык комиссиясы америкалык мушкер Флойд Мейвезер менен ирландиялык Конор Макгрегордун Лас-Вегаста өтө турган беттешиндеги расмий гонорардын суммасын жарыялады. Маалым болгондой, беттешке чыккандыгы үчүн Мейвезер 100 миллион доллар, ал эми Макгрегор 30 миллион доллар алмакчы. Бул оюндун жыйынтыгынан көз карандысыз, мушкерлердин рингге чыккандыгы үчүн гана убадаланган сумма. Ага жыйынтык боюнча каралган гонорар жана сатылган билеттердин пайыздык бөлүгү кошулган эмес. Себеби анын баары мелдештин соңунда гана эсептелинет жана жалпы сумма жогорудагы гонорардан бир канча эсеге көбөйөт.

Эки чемпиондун беттеши Лас-Вегаста бүгүн, 26-августта орун алат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, оюндан 600 миллион доллардай киреше түшөрү айтылууда.

Флойд Мейвезер 2015-жылы спорттук карьерасын жыйынтыктаган. Ал профессионалдык рингде жалпы 49 беттеш өткөрүп баарында жеңишке жетишүү менен рекорд койгон. Мейвезер бокс боюнча 5 салмак категориясында чемпиондукту камсыздаган. Ал эми Конор Макгрегор буга чейин бокс боюнча бир дагы беттеш өткөргөн эмес. Ал UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпион аталган. UFC'нин эрежеси боюнча бут, чыканак жана тизе менен урууга болот. Макгрегор эрежесиз урушта 24 беттеш өткөрүп 21 жолу жеңишке жетип, үчөөндө жеңилүү ызасын тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
nurbek56
2017-08-26 14:59:38
саат канчада башталат туз эфирде корсотулобу жазып койунуздарчы сураныч
+4
nurbekasr
2017-08-26 15:15:00
nurbek56,Ала тоо 24 тв карасаң рекламада айтып жаткан.Эртең саат 16:00дө Астанадан кыйшык эмес түз эфир аркылуу алып берет.Көрбөй калбагыла көргүлө.
-8
nurbekasr
2017-08-26 15:17:17
nurbekasr,көк бөрүнү
-4
Aksy.2001kg
2017-08-26 15:28:41
nurbek56,КТРК спортто корсотот , 27-август .9:00 до
+7
Begai_kg
2017-08-26 15:06:13
Конор женсе кк
0
nurbekasr
2017-08-26 15:16:25
Эртеңки көк бөрү жөнүндө толук маалымат жазып койсоңор жакшы болмок,кайдакы америкалыктарды жаза бербей.
+5
Isco22
2017-08-26 16:08:16
nurbekasr,конор мн флойд ктрк мн ктрк спорттон 09.00до болот. Ал эми кок бору Казакстан Кыргызстан 16.00до болот КТРК мн КТРК Спорттон
0
Isco22
2017-08-26 16:10:15
nurbekasr, Россияда жургондор KG Live деген плей маркетте программа бар го ошонун ичинде ктрк ктрк спорт тартат ошону кочуруп корсонор жакшы болот. Ошо
+3
tilek-x
2017-08-26 15:30:38
КТРК Спорттон берет Бишкек убактысы боюнча эрте мененки 9:00до туз алып корсотот экен Мейвезер&Конор беттешин.
0
Erlaha
2017-08-26 17:39:55
А Эмнеге Конордун гонарары аз??
-2
mir777
2017-08-26 19:03:08
Erlaha,а эмнеге Гуфтан, Бегиштин гонорары аз?
+4
bom.bon
2017-08-26 18:14:03
Москванын саатында 27-АВГУСТ эрте мененки саат 7:00 до башталат, а Кыргызстан дын саатында 10:00до
-2
mir777
2017-08-26 19:03:48
Короче воск! Утром в 7:00
0
altynka95
2017-08-26 19:19:45
Кап боксер болуп калбай)
0
Tologonismailov01
2017-08-26 19:39:13
оххо мынча гонорар берсе мен деле олор олгучо мушташмакмын...
+8
Makkambaev97
2017-08-26 19:42:28
Кок борунун каягы кызыктуу
-6
Isco22
2017-08-26 20:13:43
Makkambaev97,сага кызыксыз башкага кызыктуу
+2
BakytAliev
2017-08-26 21:40:00
Makkambaev97,зоорук
+1
Attila88
2017-08-27 00:12:33
Конор мн Роналдо тируу легендалар.легенда боюнча калат.Я за Конора.флойд каарыды
+1
nur_92
2017-08-27 08:46:09
Кимиси женсе мага тушот
-1
Isco22
2017-08-27 08:51:42
nur_92,ахахах))башын батышты карап калбасын жон эле тынч эле коргулочу кудай деп
+1
Isco22
2017-08-27 08:52:04
Азыр башталат 30 минуттун тегерегинде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан