ЖЫЛНААМА, 26-АВГУСТ: 53 жашка толгон ырчы Сайра Момунбаева туулган күнүн 1 торт менен белгилегенин айтты

Бүгүн, 26-августта ырчы жана актриса Сайра Момунбаева 53 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышсак, туулган күнгө чоң маани бербесин жана бүгүн да өздүк майрамын белгилөө оюнда жок экенин айтты.

"Биринчиден, сиздердин куттуктооңуздарга чоң ыраазычылык билдирем. Таң аткандан баштап жакындарым, туугандарым байланышка чыгып, кезеги менен куттуктап жатышат. Бирок өзүм бул күнгө чоң маани бербейм. Быйыл деле ошол адатым боюнча белгилөөгө планым жок. Эртең менен торт менен чай ичкенбиз. Ошол мага жетиштүү", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, Сайра Момунбаева Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын вокал бөлүмүнө тапшырып, окуусун аяктаган соң Нарын музыкалык драма театрында иштеп калган. Кийин Ташкенттеги Островский атындагы Театралдык институтта сырттан окуп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун актёрлук бөлүмүн бүтүргөн.

26-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur72
2017-08-26 18:57:54
туулган кунунуз кут болсун ден соолук эжеке
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан