Өлкө чемпиондугунун Улуттук Лигасында “Салам-Алик” волейбол командасы жеңишке жакындап келе жатат

Бишкектин “Салам-Алик” командасы волейбол боюнча эркектер арасында өтүп жаткан өлкө чемпиондугунун Улуттук Лигасынын чемпиону болууга жакындап келе жатат. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, 22-майда борбордогу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда мелдеш өтүп, анда “Салам-Алик” 3:1 эсебинде “ИИМ+К” командасын утуп алды. Андан соң “Жаңы Муун” командасы “Улар” командасын 3:0 эсебинде жеңди. Үчүнчү болуп “Ош Бажы-Кара-Суу” менен “Динамо” беттешип, оштук команда 3:2 эсебинде жеңишке жетишти. Ал эми бүгүн, 23-майда төмөнкү командалар оюн көрсөтөт:

Саат 14:00дө “Ош-Бажы-Кара-Суу” – “Улар”,

Саат 15:30да “Салам-Алик” – “Динамо”,

Саат 17:00дө “Жаңы Муун” – “ИИМ+К”. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан