Бишкек убактысы боюнча кечээ, 27-августта көпчүлүк бир канча убакыттан бери күтүп жүргөн тарыхый беттеш болуп өттү. Бул, албетте, Лас-Вегас шаарындагы бокс чемпиону Флойд Мейвезер менен UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегордун ортосундагы беттеш. Мындан улам көптөгөн адамдар, анын ичинен Голливуд жылдыздары мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбастан беттештин алдынкы катарларында көрүүчү болуп отурушканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, кирүү акысы арткы орундуктар үчүн 2 миң, ортонку катардагыларга 55 миң, ал эми рингдин жанынан көрүүнү каалагандарга 90 миң долларды түзгөн. Буга карабастан 20 миң көрүүчүнү батырган стадион бош калган эмес.