Бишкекте "милиция кызматкерлерин граната, тапанча менен коркуткан" деп шектелгендердин бири кармалды

Бишкекте "милиция кызматкерлерин граната, тапанча менен коркуткан" деп шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 28-августта Ички иштер министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка караганда, кечээ, 27-августта кылмышка шектүү катары изделип жаткандардын бири кармалган. Азыркы тапта экинчисин кармоо боюнча иштер жүрүүдө.

Айта кетсек, окуя 24-августка караган түнү Ауэзов көчөсүндө болгон. Анда Патрулдук милиция кызматкерлери жол эрежесин бузган Ниссан Пресаж үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочунун документин текшерүү учурунда унаанын ичиндегилер милиция кызматкерлерин тапанча, граната менен коркутушуп, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Бул факт боюнча кылмышка шектүүлөр издөөгө алынган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан