Ысык-Ата районунун Нооруз айылына жакын аймактагы тоодо кечээ тутанган өрт толугу менен өчө элек. Бул туурасында SUPER.KG порталына ӨКМнын Өрткө каршы кызматынан Медет Сатаров маалымдады.
"Өрттүн тутануу очогу 2 жерден чыкканы белгилүү болду, бирок кимдер тарабынан, эмне максатта өрттөнгөнү азырынча белгисиз. Кечээ кечинде саат 20:30дарда өрт толугу менен чектөөгө алынган. Түндө шамалдан кайрадан от тутанып, өрттү өчүрүү иштерин бүгүн да жүргүзүп жатабыз. Тоо боорлоруна техникалар чыга албагандыктан жөө чыгып атайын шапалактар менен жалынды чаап өчүрүп жүрөбүз", - деди Сатаров.
Айта кетсек, ӨКМнын басма сөз кызматы Ысык-Ата районунда 15 гектар бадалдар жана куураган чөптөр күйгөндүгүн жана өрт 27-августта саат 20:35те толугу менен өчүрүлгөнүн маалымдаган эле.