ЖЫЛНААМА, 28-АВГУСТ: "Хатико" фильминдеги образы менен таанымал актриса Сара Ремер 33 жашка толду

Көпчүлүккө "Хатико. Эң ишеничтүү дос", "Паранойя", "Психушка" жана башка тасмалары аркылуу таанымал болгон америкалык актриса жана модель Сара Ремер 33 жашка толду. Ал 1984-жылы 28-августта жарык дүйнөгө келген.

Сара кичинесинен модель болууну кыялданып, 15 жашында алгачкы ирет подиумга чыкса, 2006-жылы өзүн актриса катары сынап көрүүнү чечип, "Каргыш 2" тасмасында роль жараткан. Андан көп өтпөй америкалык актёр Шайа Лабаф менен биргеликте "Паранойя" тасмасына катышкан. Ал эми 2009-жылы Ричард Гир жана Жоан Аллен менен чогуу "Хатико. Эң ишеничтүү дос" фильминде образ жаратып, татыктуу ролу менен өз күйөрмандарын чогулта алган.

Жолдошу Чад Майкл Мюррей менен

Сара 2015-жылдын январь айында Чад Майкл Мюррей аттуу актёр кесиптеши менен үй-бүлө куруп, учурда 1 уул, 1 кызды тарбиялашууда. Кызыгы, түгөйлөр "Тандалган" сериалына тартылып жүргөн кезде таанышышкан, бирок ал учурда Мюррей аталган сериалдагы дагы бир өнөктөшү Никки Уилан менен сүйүү мамилесинде болчу. Сериалдын бет ачарында да аны менен чогуу, түгөй катары келгени менен, арадан көп өтпөй актёрдун Сара Ремер менен баш кошкону, ал гана эмес наристе күтүп жатышканы тууралуу кептер коомчулук арасында желдей тараган. Бул боюнча актрисанын жолдошу "биз жеке жашообузду жарыялоону жактырбайбыз" деп "үч бурчтуу" сүйүү тууралуу билдирүү тараткандан баш тарткан.

Чад Майкл мурунку сүйүктүүсү Никки Уилан менен

Сара Ремер жана Никки Уилан сериалдын бет ачаарында

28-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан