Бүгүн, 28-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгы башы жок табылган жансыз дене боюнча билдирүү таратты. Анда милиция кылмыштын бетин ачууда коомчулуктан жардам сурайт.
"Кимде-ким бул өзгөчө оор кылмыш тууралуу маалыматы болсо, төмөндөгү байланыш телефондору аркылуу кабарлап коюшуңуздарды суранабыз. Маалымат берген адам тууралуу жашыруун сыр толук сакталышына кепилдик беребиз. Байланыш телефондору: 0 (3222) 2-46-78, 0 (3222) 2-10-06, 0 (557) 00-00-01, 0 (557) 79-96-99, 0 (558)-15-00-88. Маркумдун кофтасы, ал оролгон улуттук көшөгө, жүк жапкыч жана маркум оролуп салынган сумкалар сүрөткө тартылып алынган", - деп айтылат Ош ШИИБинин маалыматында.
Айта кетсек, кечээ, 27-августта Ош шаарынын Курманжан датка кичи районунда таштанды таштоочу урнадан 40-55 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган болчу.