Бүгүн, 28-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 26-31-август аралыгында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин кубогунун 3-турдук оюндары өткөрүлөт.
Мелдештин 3-турунун алкагында "Мурас" - "Төш-Булак", "Арашан" - "Датка" жана "Достук" - "Илбирс" беттештери орун алат. Жалпы эсепте аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн аймактарынан 11 команда катышып жатат.
Чүчү кулактын жыйынтыгында командалар төмөнкүдөй жайгашышкан:
"А" тайпасында: "Мурас", "Ысык-Көл" жана "Төш-Булак" командалары.
"В" тайпасында: "Арашан", "Аафият" жана "Датка" командалары.
"С" тайпасында: "Достук", "Оро" жана "Илбирс" командалары.
"D" тайпасында: "Биримдик" жана "Көк-Жал" командалары.
3-турда боло турган оюндар:
"Мурас" - "Төш-Булак";
"Арашан" - "Датка";
"Достук" - "Илбирс".
1-турдун жыйынтыгы:
"Мурас" - "Ысык-Көл" 8:4
"Арашан - Аафият" 11:2
"Достук" - "Оро" 13:3
"Биримдик" - "Көк-Жал" 5:1
2-турдун жыйынтыгы:
"Ысык-Көл" - "Төш-Булак" 4:1
"Датка" - "Аафият" 4:0
"Оро" - "Илбирс" 11:1