Бишкек шаарындагы мүрзөлөрдүн биринде өрт чыгып, ага жакын жайгашкан эмерек жасоочу ишкананын кампасы күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
"Кечээ, 27-августта Биринчи Май районунун Якутская көчөсүндөгү мүрзөнүн 13 гектар аянтында куураган чөптөр өрттөндү. Өрт жакын жердеги эмерек жасоочу ишкананын кампасына да өтүп, станоктор,эмерек материалдары толугу менен күйүп кеткен. Жалын ишкананын 200 чарчы метр аянтын каптады", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өрт саат 17:44тө чектөөгө алынып, саат 20:28де толугу менен өчүрүлгөндүгү кошумчаланган.