Бүгүн, 28-августта Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда 2 Кыргыз дзюдочусу беттешет. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Аталган мелдештин алгачкы күнүндө 60 килограммга чейинки салмак ченинде беттештер өтөт. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Отар Бестаев жана Баяман Сагынбай уулу катышышат.
Кыргыз спортчуларынын атаандаштары:
Отар Бестаев - Люис Монтес (Никагура);
Баяман Сагынбай уулу - Ленин Пресиадо (Эквадор).