Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунан Бишкекке кайтып келди

Айсулуу Тыныбекова Парижде өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондуктан Бишкек шаарына кечээ, 27-августта учуп келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.

Айсулуу Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн кытайлык Нингнинг Ронг менен беттешкен. Анда беттештин жыйынтыгында Кыргыз балбан 6:5 эсеби менен жеңишке жетип, коло медалын тагынган.

"Тилекке каршы, мен машыгуу учурунда алган жаракаттан улам мелдешке толугу менен даярданганга жетишкен жокмун. Машыгуунун ордуна мен дарыланганга мажбур болдум. Бирок ага карабай медалды камсыздаганга бардык күчүмдү жумшадым", - дейт Айсулуу Тыныбекова.

Аталган чемпиондукта Кыргыз балбаны алгачкы беттеште германиялык Лаура Мертенсди жеңген, чейрек финалда нигериялык Аминат Олувафунмилайону жеңип жарым финалга өткөн. Анда тунистик Марва Амри менен күрөшүп жеңилип калган. Коло медаль үчүн кытайлык спортчу менен күрөшүп жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Bolunbo.kyrgyz
2017-08-28 14:55:55
Базар жок
+2
Alixan-Nookat.2015
2017-08-28 15:00:52
Азаматсын Айсулуу ийгилик каалайм!
+4
lilya8
2017-08-28 15:08:25
Азаматсын дагы да чон чон ийгиликтерди багындыр
+3
Ma9
2017-08-28 15:08:28
ата энендин сыймыктанган кызы бол
+3
arimaz89
2017-08-28 15:14:47
Азаматсын!!! Ийгилик!!! Олконун желегин дуйного желбиретип журо бер!
+3
legion-arbat
2017-08-28 15:22:53
Бизди ушу Айсулуу менен эле Акжол суйундурот.
+4
baktyluuluk
2017-08-28 15:24:07
Азаматсын!!!Ийгилик жана ден соолук каалайм!
+1
admin_superstan
2017-08-28 15:24:23
kanatbekabytovich82, этика нормаларын сактаңыз. Акыркы эскертүү!
0
aerforce
2017-08-28 15:25:14
Азаматсын карындашым буйруса алтынга жет ар дайым Кыргыз элин суйундуруп журобер кийинки ойундарында мынданда жакшы ийгилик кутобуз
+2
grace
2017-08-28 15:41:29
Азамат Айсулуу, куттуктайбыз!
+1
sara90
2017-08-28 15:56:31
Suimygy kyrgyzdyn!!! Densoolugun hyn bolsun bizdin mekendin namusun korgogon chygaan kyzdardan boluwuna tilektewmin..Bar Bol Aisulu!
+2
realbek89
2017-08-28 21:25:51
Айсулуу кыргыздын сыймыктанган кыздарынансын,ар дайым ийгилик коштосун
+1
Askarbek15
2017-08-29 21:12:31
Мыктысын биз сени м.н мыймыктанабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан